Ала-Арча капчыгайында турист бутун сындырып алды
RU

Ала-Арча капчыгайында турист бутун сындырып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайында бутун сындырып алган турист куткарылды. ӨКМдан билдиргендей, окуя 9-сентябрда капчыгайдан түшүп келе жатканда болгон.

Жалпысынан капчыгайга 5 турист барган. Куткаруучуларга билдирүү түшүп, жерине саат 16:00дө куткаруучулар тартылган.

Алар 10-сентябрга караган түнү деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон 1988-жылы туулган Т. А. аттуу аялды алып түшүп, күндүз саат 14:25те "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган турист Казакстан Республикасынын жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17288