Эми мотоцикл, скутердин айдоочуларына катуу чаралар көрүлөт
RU

Эми мотоцикл, скутердин айдоочуларына катуу чаралар көрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 12-сентябрдан тарта өлкөдө мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлө баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы редакцияга билдирди.

Башкармалыктан соңку учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып жатат дешет.

"Айрыкча түнкүсүн катуу үндөр элдин уйкусун бузуп, катуу ылдамдык менен айдап, жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Ошол себептүү кырсыктарды алдын алуу максатында өлкө аймагында мотоциклдерге, скутерлерге карата чоң масштабда рейд жүргүзүлөт", - деди башкармалыктан.

Тийиштүү документи жок айдагандарга айып салуу менен бирге мотоциклдери айып короого токтотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17294