Окуу жайдын деканы экзаменде студенттерден акча талап кылганга шектелди
RU

Окуу жайдын деканы экзаменде студенттерден акча талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы кармалды. Комитеттин маалыматында декан мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы айтылат.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы Ш.Ш.О. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгиленгендей, буга чейин "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана анын орун басары Д. уулу Д. кармалган.

УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышына жол берилбестигин эскертет жана жарандарды коррупциялык фактылар тураалуу кабар берүүгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17298