Бишкекте эреже бузган айдоочунун күбөлүгү жок экени аныкталды
RU

Бишкекте эреже бузган айдоочунун күбөлүгү жок экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте автоээнбаштык кылган айдоочу аныкталып, айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 28 жаштагы айдоочу 11-сентябрга караган түнү Бишкектин Эркиндик бульварында унаалардын кыймылына каршы айдап, жол чыракта кызыл күйүп турганына карабай өтүп кеткен. Кайгуул кызматкерлери Mercedes-Benz унаасынын айдоочусун аныктап, 4 протокол түзүштү.

Эреже бузган жарандын айдоочулук күбөлүгү жоктугу аныкталды. Ага Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 50 миң 500 сомго айып салынды. Унаасы айып короосуна киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17299