Таиландда кыргызстандык зордуктоого айыпталды. ТИМдин маалыматы
RU

Таиландда кыргызстандык зордуктоого айыпталды. ТИМдин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таиландда кыргызстандык жаран зордуктоого айыпталып жаткан маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берди.

Тышкы саясий ведомствонун билдирүүсүндө учурда бул кылмыш иши боюнча Таиланддын компетенттүү органдары тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

"Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги аталган кыргызстандык менен байланышта болуп, ага Кыргызстандын Таиланддагы Ардактуу консулу менен биргеликте зарыл жардамдарды көрсөтүүдө", - дешет министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17300