Сокулукта каза болгон окуучунун классташтары сурак беришкен
RU

Сокулукта каза болгон окуучунун классташтары сурак беришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районундагы окуучунун өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Бул туурасында Чүй ОИИББден кабарлашты.

Белгилесек, 5-сентябрда саат 15:30 чамасында милицияга Сокулук районунун Комсомол айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу А.Э`нын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Сокулук РИИБи бул фактыны каттап, иликтөө иштерин баштаган. Текшерүүдө А.Э`нин классташтары социалдык кызматкерлердин катышуусунда суракка алынып, буларды айтып беришкен.

Мурда ошол мектепте 1 класс жогору окуган, учурда эч жерде билим албаган Б.С. аларды мектептен 2 чакырым алыс жакка чогултуп, профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүп, А.Э`ны урган. Соккудан улам А.Э`нин абалы начарлап, каза болуп калганын айтышкан.

Чогултулган материалдын негизинде бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Бул фактынын негизинде 130-берене (Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 2 айга камалды.

Кылмыш иши боюнча Чүй ОИИББдин башчысынын буйругу менен тажрыйбалуу кызматкерлерден "Тергөө-ыкчам тобун түзүү жөнүндө" буйругу чыкты.

Мындан тышкары Сокулук районундагы бардык мектептерде милиция кызматкерлери, мектеп администрациясы жана социалдык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте окуучулар, алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөү жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: istock.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17304