Садыр Жапаров Вьетнамдын президенти То Ламга көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров Вьетнамдын президенти То Ламга көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Вьетнамдын Ппрезиденти То Ламга тайфундун кесепетинен курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

"Вьетнамда "Яги" тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Вьетнамдын түндүгүндө "Яги" тайфунунан каза болгондордун саны 87ге жетип, 752 адам жаракат алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17318