Ысык-Көлдөн жылдын башынан бери 13 миң килограммдан ашык таштанды чыгарылды
RU

Ысык-Көлдөн жылдын башынан бери 13 миң килограммдан ашык таштанды чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери жигердүү улантылып, жылдын башынан бери 13 550 кг таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

"Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн мезгилге салыштырмалуу арбын экени байкалууда. Мындай көрүнүш тазалыкка үндөгөн эскертүү жана эрежелердин сакталбай жатышы жана эс алуучулардын көптүгү менен байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ӨКМдин суучулдары көл жээктерин ар кандай таштандылардан арылтууну улантып, муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларындагы көлдүн түбүндөгү тор, калдыктарды жоюуда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17319