Скутер менен "iPhone 13" карактоого шектүү жарандар кармалды
RU

Скутер менен "iPhone 13" карактоого шектүү жарандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте милиция тоноочулукка шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына М.А аттуу жаран арызы менен кайрылып, белгисиз адамга мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, ушул жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө, скутер менен, 60 миң сомдук " iPhone 13" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2004-жылы туулган Д.У., жана 2003-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17320