Трассада бараткан унаага ок атылган. Шектүү кармалды
RU

Трассада бараткан унаага ок атылган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда пикир келишпестиктен улам 30 жаштагы жаран унаага ок аткан. Кесепетинен 25 жаштагы жигит жаракат алганын ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-сентябрда саат 16:55 чамасында Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп барып, ок чыгарган.

Териштирүү иштеринин алкаганда Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге барган кезде болжол менен 25-30 жаштардагы жигиттер өз ара уруша кетип, бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

Ок атууга шектелип Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1994-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал буга чейин Россияда каракчылык фактысы менен соттолгон.

Ал эми жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилди. Учурда териштирүү иштери жүргүзүүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17330