Бишкекте Mayram Group ресторандар тармагы жабылды
RU

Бишкекте Mayram Group ресторандар тармагы жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 11 мекеме кирген Mayram Group ресторандар тармагы жабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымдарында, УКМКнын тергөө кызматы тарабынан Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу кирешесин адалдоо фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновго эл аралык издөө жарыяланган.

2024-жылдын январында УКМК Үсөновдун Бишкектеги ресторан бизнесин башкарган компаниясы ("Асман", Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, My shisha, Aroma, Social Pizza, Season, "Тесто Место" жана башкалар) бар экенин билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшалган.

Белгилей кетчү жагдай, башкаруучу компания бардык кафе жана ресторандардын негиздөөчүсү болгон эмес, кожоюндардын арасында башка ишкерлер болгон.

Бир нече күн мурун Red Cow, Sushi Room, Social Cosmopark мекемелерине мөөр басылган. Бүгүнкү күнгө карата ондогон мекемеге мөөр басылды. Анын ичинен Social Coffee, Urban, Seson Bar, Sand Bishkek жайлары социалдык тармактагы баракчаларына техникалык себептерден улам убактылуу жабылганын билдиришти.

Тастыктоону талап кылган маалыматка караганда, Камчы Көлбаевге байланыштуу кылмыш ишине тиешеси жок ишкерлердин мекемелери ачылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17334