УКМК Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбековду кармады
RU

УКМК Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбековду кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев, ошондой эле Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, кармалгандар мыйзамсыз лицензия берүү жана коррупцияга шектелүүдө.

Белгилесек, 13-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунда борбордук стадиондун жана заманбап комплекстин курулушуна капсула салган. Анда мамкомитет башчысы алтын кенге берилген 23 лицензияны кайтарып алышканын, мафия болгонун келгенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17337