Ошто 2 аскер кызматкери иштен алынды
RU

Ошто 2 аскер кызматкери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын (КПП) аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттен белгилешендей, Өзбекстандын Р.С.А аттуу жараны 30-августта Кыргызстанга мыйзамсыз кирип, 3 күндөн кийин кармалды.

"Өзбекстандын жараны Р.С.А. "Достук автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчысы Ж.Ж.У.нун ишенимине кирип, Кыргыз Республикасына өтүү үчүн ортомчуну пайдаланып, 300 доллар берген. Ал эми "Ош аэропорт" көзөмөл өткөрүү пунктундагы аскер кызматкери А.уулу Кга паспортун берип, мөөр басууну (анын ичинде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалымат базасына маалыматтарды киргизүүнү) суранган", - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан Өзбекстандын жаранына карата "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди. Ал эми көзөмөл-өткөрмө пунктунун аскер кызматкерлери А. уулу К жана Ж.Ж.У.га байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилди.

Белгилүү болгондой, аскер кызматкерлери кызматтан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17339