Ошто "Коопсуз шаар" долбоору толук ишке кирет
RU

Ошто "Коопсуз шаар" долбоору толук ишке кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пул салынат. Ош шаардык мэриясы долбоор 16-сентябрдан тарта ишке кирерин маалымдады.

Кесилиштерге орнотулган камера төмөнкүлөрдү аныктайт:

  • Ылдамдыкты ашыруу;
  • Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
  • Каршы тилкеге чыгууда;
  • Коопсуздук курун тагынбаганда;
  • Жөө жүргүнчүлөргө жол берилбегенде; Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда; Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерге токтогондо;
  • Жол белгилерине маани берилбеген учурда;
  • Тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;
  • "Стоп" сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;
  • Тротуарга унааны токтоткондо.

Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17341