ДСУ маймыл чечегине каршы алгачкы вакцинаны жактырды
RU

ДСУ маймыл чечегине каршы алгачкы вакцинаны жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) маймыл чечекке каршы алгачкы вакцинаны колдонууга уруксат берди. Муну менен 20 миңге жакын адам ооруну жуктуруп алган Африкадагы миллиондогон адамдарда алдын алуу чараларына жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

MVA-BN вакцинасы даниялык Bavarian Nordic фармацевтикалык компаниясыныкы. Анын жактырылышы миллиондогон адамдардарга эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн берип, эпидемияны токтотууга жардам болот, деп айтылат БУУнун сайтында.

ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейестун айтымында, вакцина маймыл чечек вирусуна каршы күрөшүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

"Азыр биз вакцинага муктаж болгон жерлерде жеткиликтүүлүк адилеттүү болушу үчүн, тез арада сатып алууларды, кайрымдуулуктарды жана жайылтууну кеңейтишибиз керек",- деди ал.

Вакцинаны 18 жаштан жогоркуларга, төрт жуманын аралыгында эки доза менен сайуу сунушталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17353