Садыр Жапаров жаңы "Ош базары" качан курулуп бүтөрүн айтты
RU

Садыр Жапаров жаңы "Ош базары" качан курулуп бүтөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жаңы "Ош базарынын" куруу иштери кандай жүрүп жатканын көрсөткөн видеолорду жарыялады.

"Жаңы "Ош базарынын" курулуш иштери сапаттуу жана кызуу жүрүүдө.

Кудай буюрса келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, бардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла башташат.",- деп жазган өлкө башчы.

Эске салсак, "Ош" базары Бишкектин түндүк тарабына, Сокулук районуна көчүрүлөрүн маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17356