Милиция Бишкекте спортчулар мушташты деген маалыматты текшерүүгө алды
RU

Милиция Бишкекте спортчулар мушташты деген маалыматты текшерүүгө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги спорт клубдардын биринде Arashi MMA мелдеши өтүп, анда спортчулардын ортосунда массалык мушташ болду деген маалымат тарады. Интернетке тараган маалымат боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы буларды билдирди.

"15-сентябрда саат 19:26 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Курманжан Датка көчөсүнүн 55 дарегинде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан спорт клубдардын биринде спорттук иш-чара өтүп, катышуучулар ортосунда оозеки уруш болгонун аныкташкан", - дешет милициядан.

Аталган факты Свердлов РИИБинде катталып, тергөө иштери башталды. Окуяга тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Иштин чоо-жайы боюнча кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17357