Ташиев: "Ата-Журт" партиясы жергиликтүү шайлоого катышпайт
RU

Ташиев: "Ата-Журт" партиясы жергиликтүү шайлоого катышпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата-Журт" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.

Белгилесек, президенттин жарлыгы менен 17-ноябрда өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча жер-жерлерде депутат болом деген талапкерлер "Ата-Журт" партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жердерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар бар экен.

Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр.

"Ата-Журт" партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам: "Ата-Журт" партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт", - дейт ал.

Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматта отурганда аталган партияны шайлоого катышуусу туура эмес дейт.

"Ата-Журт" партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат.

2021-жылы парламенттик шайлоодо чырм эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин. Партиянын мүчөлөрү келип "Камчыбек Кыдыршаевич, уруксат берсеңиз "Ата-Журт" партиясы менен парламенттик шайлоого катышалы" деп сурангандарынан "макул" деп койгон элем.

Мындан ары "Ата-Журт" партиясы шайлоолорго катышпайт. Ошондуктан урматтуу "Ата-Журт" партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары, сөзсүз эле "Ата-Журт" партиясы менен депутат болуп келишиңер милдет эмес.

Өзүңүздөр каалаган, көңүлүңүздөргө жаккан, эл үчүн күйүп-бышып иштеп бергенге даяр болгон партиялар менен шайлоого катышыңыздар.

Кайсы партия менен шайланып келсеңер дагы эл үчүн иштеп берээриңерге терең ишенем. Бир да партияга же кандидатка болушпайбыз жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жардам берүүсүнө жол бербейбиз.

Кандай гана шайлоолор болбосун жаңылбай тандоону унутпаңыздар. Добушуңуздарды сатпаңыздар. Саткан адам да, сатып алган адам да жоопко тартыларын унутпаңыздар", - деп белгиледи Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17358