Маданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү берди
RU

Маданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эл билсин" YouTube каналын иштеткен, блогер Али Эргешовго эскертүү берди. Бул туурасында министрликтин маалыматында айтылат.

Ведомстводон белгилешкендей, 16-августта блогердин "Эл билсин" YouTube каналына "9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?" аталышындагы материал чыккан.

Бул репортажда журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптары одоно бузулган.

"Видеоматериалдын башында ыдык көрдү деген кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү коюлуп, анын артынан 4 адамдын пикири тизмектелген. Алар бир ооздон шектүүнүн жакшы адам экенин айтышкан. Бирок материалдын өзүндө ал адамдардын толук пикири колдонулган эмес. Муну менен автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгарууга аракети байкалат. Кыска айтылган мактоо сөздөрү көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылышы ыктымал.

Автор материалды даярдоодо аудиторияга өзүнүн пикирин бир нече ирет таңуулаган. Ал "ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак" деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес. Мындай жагдай материалдын бейтараптуулугунан күмөн жаратат. Кесиптик этиканын 8-пунктундагы талаптарды бузуп, окуяны бир тараптуу чагылдырган", - дешет министрликтен.

Мындан тышкары Балдар жөнүндө кодексте жашы жете электердин укугу өзгөчө корголгонун, Али Эргешовдун материалында камерага жазылган видеолор колдонулуп, жашы жете элек балдардын бети жабылбаганы белгиленген.

"Ошондой эле "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында:

л) балдар арасында таратууга тыюу салынган балдардын ден соолугуна жана дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты таратууга жол берилбейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жарандардын анык маалыматты алууга болгон конституциялык укугун сактоо максатында Али Эргешовдон YouTube каналына жарыяланган жогоруда аталган материалды ыкчам алып салуу шарт экенин билдиребиз. Мындан тышкары ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жана эмгек келишимдин көчүрмөсүн министрликтин дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз", - деп белгиленет маалыматта.

Бул көрсөтмө аткарылбаган учурда Маданият министрлиги Али Эргешовго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөрү эскертилет.

Министрлик журналисттик ишти алып барууда журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптарын, журналисттик этиканы сактоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17372