Комитет интернет аркылуу жалаа жапкандарга айып салууну караган мыйзам долбоорун колдоду
RU

Комитет интернет аркылуу жалаа жапкандарга айып салууну караган мыйзам долбоорун колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, талкууланды.

Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткандарга айып пул салууну караган мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Ал белгилегендей, ар кандай маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу таратылып жаткан мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү:

  • жеке жактарга – 1000 эсептик көрсөткүч
  • юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Талкууда депутат Исхак Масалиев интернет колдонуучулар жеке пикир айтууга укуктуу экендигин белгилеп, мыйзам долбоорун аткаруу жараяндарына кызыкты. "Жалаа жабуу жана кадыр баркка шек келтирүү боюнча маданият министрлиги кантип айып салат, бул укук коргоо органдарында болушу кажет", - деди депутат.

Эл өкүлү Эльдар Абакиров мыйзам долбооруна бир катар сунуштарын берип, айып пул салуунун минималдуу чегин, сот аркылуу гана айып чегерүү жагын белгиледи.

Мыйзам долбоорун комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын көбү колдоп, экөө каршы добуш берип, ал биринчи окууда кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17377