Баткенде курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды
RU

Баткенде курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 9 үйдүн курулушун жүргүзгөн курулуш компаниянын директору кармалды. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, үйлөрдүн курулушу 2022-жылдын сентябрь айында башталган.

Маалыматка ылайык, 34 жаштагы Г. У. аттуу жаран 2023-жылдын март айында Баткен шаарындагы темир иштетүүчү цехтен 1 млн 145 миң 403 сомдук темир курулуш материалдарын алып, акчасын 15 күндө берерин убадалаган. Бирок акчасын бербей качып жүргөн.

Ошондой эле Баткен шаарынын тургуну Ш.А. милицияга арыз менен кайрылып, 2022-жылдын октябрь айында курулуш компаниянын директору Г.У. ооз эки келишим менен күнүнө 20 сомдон деп 100 даана опалубка алган. 2023-жылдын күз мезгилинде 50 даана опалубканы берип, калган 50 даана опалубканы жана ижара акысын бербей качып кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 250 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Эки факты боюнча 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жашырынып жүргөн курулуш компаниясынын директору Г.У`ну Бишкек шаарынан кармап, тергөө кызматына өткөрдү. Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17378