УКМК 2 инспекторду пара алган деген шек менен кармады
RU

УКМК 2 инспекторду пара алган деген шек менен кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сый акы (пара) алган инспекторлор кармалды. Бул туурасында мамкомитеттин маалыматында айтылат.

"Кайгуул кызмат башкармалыгынын К.Н.К. жана Р. уулу Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын айып короого киргизип, материалдык пайда табуу максатында жаранды пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан. Андан кийин баасы 13 миң доллар болгон унааны убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан", - дешет комитеттен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 16-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда инспекторлордун кабинеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар алынды.

Кармалган К.Н.К. жана Р. уулу Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын түзүмүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17382