Кыргызстанда орточо айлык 35 миң сомду түздү. Сурамжылоо
RU

Кыргызстанда орточо айлык 35 миң сомду түздү. Сурамжылоо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июль айларында кичи ишканаларды эске албаганда бир кызматкердин орточо айлыгы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдады. Комитеттин айтымында, калктын орточо айлыгы 2023-жылдын ушул убакыт аралыгына караганда дээрлик 11%га өстү. Буга ылайык, Kaktus.kg редакциясы элдин оюн билип көрдүк.

Өлкөдө орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 35 миң сомго жетпей турганын айтышат.

Биздин сурамжылоого катышкан жарандардын да жарымынан көбү орточо айлык 35 миң сомго жетпейт дешти. Алардын бири өлкөдө айлык жакшы болсо миграция басаңдарын кошумчалап, элдин көпчүлүгү азыр чет өлкөлөрдө жүргөнүн белгиледи.

"Кыргызстанда орточо айлык 35 миң сом болушу мүмкүн эмес. Ошончо алса анда балдарыбыз чет өлкөгө кетпей, биздин жаныбызда жүрүшпөйт беле. Айлык аз болгон үчүн үйлөрүн таштап кетип жатышат да. Менин оюмча Улуттук статистикалык комитети туура эмес эсептеген. Балким, өздөрүнүн башка статистикасы бардыр", - деди сурамжылоого катышкандардын бири.

Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2024-жылдын январь-май айларында ички дүң өнүм 677 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,7% көп. Быйыл январь-май айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 280,4 млрд сомду түздү.

Кыргызтандын 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 367 млрд 500 млн сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17393