Көк бөрү боюнча Биримдик кубогу: Казакстан чакыруудан баш тартканы айтылды
RU

Көк бөрү боюнча Биримдик кубогу: Казакстан чакыруудан баш тартканы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы 1-ноябрда Ысык-Көлдө Биримдик кубогун өткөрүүнү пландап, ага Казакстандын курамасын чакырган.

Белгилесек, бул оюн Казакстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк пар беттешиндеги нааразычылыктардан кийин мамилени түздөө максатында уюштурулмак.

Казакстан курамасы көк пар боюнча реванш оюнуна катыша албайт. Бул тууралуу Informburo.kz сайты Казакстандын Көк пар федерациясына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү Биримдик Кубогуна биздин федерация катыша албайт. Анткени аталган датага башка маанилүү мелдештер пландалып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы азырынча Казакстандан расмий жооп келе электигин билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17394