СИЗОдо отурган Жоомарт Карабаев коркутуулар болуп жатканын билдирди
RU

СИЗОдо отурган Жоомарт Карабаев коркутуулар болуп жатканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо отурган Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирди. Карабаев жактоочусу аркылуу катты маалымат каражаттарына таратуу үчүн укук коргоочу Азиза Абдирасуловага жолдогон.

Жоомарт Карабаевдин катын "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Facebook баракчасына жарыялады.

"Жоомарттын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар. Анын өмүрү силердин колуңарда", - деп кайрылды президент менен УКМКнын төрагасына.

Улуттук илимдер академиясынын экс-кызматкери катында өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилсе УКМК кызматкерлери күнөөлүү болорун жазган.

"Мен бул билдирүүнү өзүмдүн демилгем менен жазып жатам жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдон мага карата мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранам", - деп жазган Карабаев.

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча жооп бере элек.

Эске салсак, 2-июлда Жоомарт Карабаевдин кармалганы белгилүү болгон. Адвокаттын айтымында, Карабаевдин камакка алынышына анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү жана Улуттук илимдер академиясы (УИА) атайын кызматтын тапшырмасы менен кылмыш иштери боюнча экспертиза жүргүзөрүн айткан сөздөрү себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17396