Чүйдө дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү мүрзөдөн табылды
RU

Чүйдө дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү мүрзөдөн табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси мүрзөдөн табылды. Бул кылмышка маркумдун айылдашы шектүү катары кармалганын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 13:00 чамасында Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында христиан көрүстөнүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркум 1959-жылы туулган В.А. аттуу жергиликтүү тургун экени, зомбулуктан каза болгону такталган.

Бул факты бтюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, каза болгон тургун дайынсыз жоголгондордун тизмесинде 10 күндөн ашык убакыттан бери каттоодо турган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган жергиликтүү тургун К.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Белгилүү болгондой, айылдаштар спирт ичимдигин ичип отурганда чырдаша кетип, К.В. өзүн коргоо максатында В.А.га эки жолу бычак менен жаракат келтирип, андан соң сөөктү христиан көрүстөнүнө сүйрөп барган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17400