Мамлекеттик ипотекалык компания жыл аягына чейин канча батир берилерин айтты
RU

Мамлекеттик ипотекалык компания жыл аягына чейин канча батир берилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл бишкектиктер үчүн 2184 батирди ипотекага берүү пландалууда. Бул тууралуу "Элдик" депутаттык тобунун жыйынында "Мамлекеттик ипотекалык компания" башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Айтымында, төмөнкү даректердеги көп кабаттуу турак үйлөрдөн:

  • Калык Акиев көчөсүндөгү турак үйдөн - 21 батир;
  • Жал кичи районунан - 288 батир;
  • Скрябин көчөсүнөн - 549 батир;
  • Маликов көчөсүнөн - 986 батир;
  • Юдахин көчөсүнөн - 81 батир;
  • Тунгуч кичи районунан - 54 батир;
  • Анкара көчөсүнөн - 10 батир берилет.

Баясов кошумчалагандай, кыргызстандыктар мамлекеттик ипотека боюнча жалпысынан 16 миллиард 403 миң сомдук 9621 насыя алышкан.

Бишкекте 3621 адам мамлекеттен ипотека алган, Баткен облусунда 180, Жалал-Абадда 1180, Нарында 543, Ошто 733, Ош облусунда 670, Таласта 264, Чүй облусунда 1702, Ысык-Көл облусунда - 728.

Бул максаттарга 2021-2024-жылдары мамлекеттик бюджеттен 21,4 миллиард сом бөлүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17411