Садыр Жапаров жалган жалаа жабуу мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирди
RU

Садыр Жапаров жалган жалаа жабуу мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралууда. Айрым депутаттар жана ММКлар бул мыйзамды чакыртып, иштеп чыгуу керек дешүүдө. Бул демилге боюнча президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине позициясын билдирди.

Өлкө башчы мыйзам долбоорун Маданият министрлиги сунуштаганын айтты.

"Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени, бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын.

Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет.

Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен урушса интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ММКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ММКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап ал маалыматты өчүрүшөт", - дейт президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, "Азаттык" менен так ушундай жагдай жаралган.

"Кечээ жакында эле "Азаттык" мен жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишти. Ай бул эмне кылганыңар?

Эмнеге президент жөнүндө жалган маалымат таратып жатасыңар деп басма сөз катчым телефон чалса: "Кечирип койгулачы, мына дароо өчүрдүк" деп өчүрүп коюшту.

Ал маалымат бир сутка илинип турду. Аны канча киши укту. Биздин эле өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык өлкө укту. Алар "Азаттык" жалган айтып атканын кайдан билсин.

"Азаттыктын" бул кылыгы үчүн сотко берсем болот беле? Албетте болот эле. Бирок унчукпадым. Кой сөз эркиндиги болсун биздин өлкөдө деп.

Бирок бул кылыктары сөз эркиндигине жатпайт. Мына ушундай жалган жана элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды таратып жаткандар үчүн демилгелеп жаткан мыйзам болсо керек. Парламентке жетип талкуу башталсынчы анан көрөлү", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17502