Бишкектин экс-мэри Азис Суракматов УКМКда сурак берип жатат
2862
Бишкектин экс-мэри Азис Суракматов УКМКда сурак берип жатат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, Суракматов сурак берүүгө бүгүн, 26-майда, саат 16:00го чакыртылган. Ал кылмыш иши боюнча күбө катары өтүүдө. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, "Мыйзамсыз баюу" фактысынын негизинде.
Учурда экс-мэр УКМКнын Бишкектик башкармалыгында.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/1759