Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Делегациянын курамы
RU

Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасынын Анкара шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлумү билдирди.

Берилген маалыматка ылйык, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • резиденттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
  • инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;
  • саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/1975