Экономика жана юстиция министрликтердин статс-катчыларын орун алмаштырышты
2342
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын кызматына которулду. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылган.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы кызмат ордуна өткөрүлдү.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлердин кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/2167