Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэрин шайлоого катышат
RU

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэрин шайлоого катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык кеңеши калаа башчылыкка Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Боршайком Мамбетовдон башка эч кимден арыз түшпөгөнүн билдирди.

Алмаз Мамбетов ушул айдын башында Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен барганын айткан.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августта өтөт.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев, Токмок шаарынын мэрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев көпчүлүк коалиция тарабынан талапкер болуп көрсөтүлдү. (МТа)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/3061