Камчыбек Ташиев катышкан видео чынында кимге арналганы белгилүү болду
RU

Камчыбек Ташиев катышкан видео чынында кимге арналганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Өткүрбек Рахманов Камчыбек Ташиев тартылган видеонун тарых-таржымалы жазып чыкты.

Анын айтымында, бул видео өткөн жылы шайлоо алдындагы кампания учурунда тартылган. Андагы сөздөрдү Ташиев таштап кеткен тарапташтары, жоро-жолдошторуна багыттаган экен.

"Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрду жазып, таратып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган. Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги - байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтүндөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт", - деп Рахманов жазган.

Эске салсак, дем алыш күндөрү социалдык тармактарга, өзгөчө Камчыбек Ташиевди колдогон группаларга кызыктуу видео чыккан. Анда УКМКнын башчысы Ташиев тоодогу суунун жээгинде ойлуу турганын көрүүгө болот. Кадр артындагы эркектин үнү совет акыны Галина Голованьдын ыр саптарын окуйт. Ыр достук жана достор ортосундагы чыккынчылык жөнүндө. Социалдык колдонуучулар муну Садыр Жапаровго багытталган видеокат, деп түшүнүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/3144