Улукбек Марипов жамаатка - экономика министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды
RU

Улукбек Марипов жамаатка - экономика министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды.

Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча милдеттерди белгиледи.

"Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу боюнча иштер тууралуу жүрүүдө", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр вице-премьер-министр рангындагы министрдин ишине ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ишке ашуусун каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/583