Египетте "Путин" деген курма "Байден" дегенге караганда эки эсе кымбат
RU

Египетте "Путин" деген курма "Байден" дегенге караганда эки эсе кымбат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-апрелде мусулмандардын ыйык Орозо айы башталат. Египеттиктер ага даярдык көрүп, алдын ала азык-түлүк сатып ала башташкан. Орозо учурунда негизги азыктардын бири - бул курма (финики). Сатуучулар кардарларды кызыктыруу максатында курмаларга "Путин" жана "Байден" деген аттарды беришкен.

Кызыгы, Америкалык президенттин аты менен аталган курма 12 египет фунт турса, "Путин" дегендин бир килограммын 35 египет фунтка сатып алса болот.

Бирок эң кымбат сорту "Сиси" деп аталат, баасы 56 фунт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/6062