Садыр Жапаров ӨКМ жана аскердик техникаларга канча каражат короторун айтты
RU

Садыр Жапаров ӨКМ жана аскердик техникаларга канча каражат короторун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-мартта Садыр Жапаров УКМКнын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чек ара кызматына (ЧК) техникаларды тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Президент чек араны сапаттуу коргоонун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып, ар бир мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу алдын алуу иштерине көз каранды экенине токтолду.

"Заманбап техниканын болушу коркунучтарга каршы турууда жана элибиздин коопсуздугун камсыз кылууда абдан маанилүү фактор болуп саналат. Ошондуктан биз чек арачыларыбызды заманбап техникалар менен камсыздоону улантып жатабыз",-деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында жогоруда айтылгандардын бардыгын Кыргызстан өз эсебинен сатып алат. Ага 2021-жылы 7,5 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы дагы 3 миллиардга жакын каражат бөлүнөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн сатылып алынган техникаларга да токтолду.

"Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк менен биргелешкен долбоордун алкагында 5 миллион доллардан ашык 58 өрт өчүрүүчү унаа сатып алдык. Бүгүн аларды ӨКМге өткөрүп жатабыз. Бул өрт өчүрүүчү унаалар авариялык абалда өз убагында чараларды көрүүгө жардам берет", - деп кошумчалады президент.

Андан сырткары быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлигине керектүү жабдыктарды алууга бюджеттен 300 миллион сомдон ашык жана тик учак сатып алууга 2 миллион евродон ашык каражат бөлүнөрүн айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/6114