Алымкадыр Бейшеналиев миллионер уулун элге тааныштырды
4139
Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын-Балалык" медико-реабилитациялык комплекске болгон пресс-тур учурунда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерди уулу менен тааныштырды. Буга чейин министр баласын миллионер деп айтканы бар.
Министрдин уулунун аты Мар. Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, көлдө турат жана анын пансионаты бар. Ушул жылдын январь айында берген интервьюсунда министр уулу жөнүндө айтып берип, "Алтын Балалык" комплексине 2 миллион доллар салганын маалымдаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/6462