Франциядагы президенттик шайлоодо Эммануэль Макрон жеңишке жетти
RU

Франциядагы президенттик шайлоодо Эммануэль Макрон жеңишке жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франциянын президенти Эмануэль Макрон президенттик шайлоодо жеңип чыгып кайрадан экинчи мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазды.

Макрон президенттик жарыштын экинчи турунда шайлоочулардын 58,2 пайызынын добушуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы "Улуттук биригүү" партиясынан талапкер айым Марин Ле Пенге 41,68 шайлоочу добуш бергени маалымдалды.

Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, Ле Пен шайлоодогу жеңилишин кабылдап, парламенттик шайлоо үчүн күрөш жүргүзөрүн билдирди. Ошондой эле ал 5 жыл мурунку президенттик шайлоодо алган добушу 35 пайызга жетпей калганын баса белгилеп, бул жолку көрсөткүчтү "мен үчүн жаркыраган жеңиш" деп атады.

Эмануэль Макрон Францияда 20 жылдан бери алгачкы жолу экинчи мөөнөткө шайланган президент болуп калды. Тактап айтсак, 2002-жылы мамлекет башчысы Жак Ширак экинчи президенттик жарышты жеңип алган.

Учурда Франциянын айрым жерлеринде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингдерди өткөрүп жатканы айтылууда. Ал эми Макрон эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө жаңы мөөнөтү мурдагысына окшобой турганын билдиргени кабарланды.

Маалымат Super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/6464