Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты
RU

Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 30-апрелден тарта медициналык мекемеден чыгарылгандыгына байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 28-апрелде эртең менен Акылбек Жапаров М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгү ооруп, кан басымы төмөн түшүп кеткен абалда жеткирилген.

Электрокардиография жана коронаграфия жүргүзүлүп, инфаркт миокарда диагнозу тастыкталган жок. Бирок жүрөк кан тамырлары карышып (спазм сосудов сердца) калганы аныкталган болчу.

Учурда Акылбек Жапаровдун абалы туруктуу, ага медициналык тейлөө амбулатордук шартта көрсөтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/6529