Бишкекте дем алыш күндөрү айыл-чарба жарманкеси өтөт
RU

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл-чарба жарманкеси өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кезектеги жарманке 2021-жылдын 20-21-февралында өтөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма соз кызматы маалымдады.

Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:

1. Ленин райондук администрациясы, Чапаева-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;

2. Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев көчөсү;

3. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн

кесилишинде;

4. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

2021-жылдын 20-21-февралында өтүүчү жарманкедеги продукциялардын баалары:

  • Уй эти - 405 сом
  • Жылкы эти - 380-390 сом
  • Кой эти - 410 сом
  • Тоок эти - 190-200 сом
  • Суу май (раст масло) - 118-120 сом
  • Жумуртка 10 даана - 85-88 сом
  • Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом
  • Сахар - 56-57 сом
  • Күрүч - 55-60 сом
  • Алма - 30-50 сом
  • Сабиз - 12-15 сом
  • Картөшкө - 22-25 сом
  • Пияз - 15-16 сом

Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө сүттүн жана сүт азыктарынын, ундун баасы базар баасынан 10-15%га төмөн болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/734