Пенсия кайсы айдан баштап көтөрүлөт? Социалдык фонддун жообу
RU

Пенсия кайсы айдан баштап көтөрүлөт? Социалдык фонддун жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык фонд 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны көтөрүүнү көздөп жатат. Министрлер Кабинетинин чечими коомдук талкууга жарыяланды.

Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициенти 1,15ти түзөт.

Социалдык фонд пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылууга тийиш.

Пенсиянын базалык бөлүгү да 3170 сом өлчөмүндө жогорулатылат.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги 2022-жылга республикалык бюджеттен 3 миллиард 83 миллион сом карашы керек.

2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 713 миң пенсионер каттоодо турат. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 21 миң адамга көбөйдү.

Буга чейин октябрь айында министрлер кабинети пенсияны 50% көтөрүүнү пландап жатканы маалымдалган. Тиешелүү токтом 2021-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/7836