Садыр Жапаров: Мен өзүм силерди коргоп, көз карандысыздыктын кепили болуп берейин
RU

Садыр Жапаров: Мен өзүм силерди коргоп, көз карандысыздыктын кепили болуп берейин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада судьяларды мыйзамды туу тутуп, таза жана акыйкат иштөөгө чакырды. Бул тууралуу президенттин башкармалыгынын басма соз кызматы кабарлады.

"Бүгүнтөн баштап мен өзүм сиздерди коргоп, сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эрктүүлүгүңөрдү көрсөтүп, кандай гана кийлигишүү менен басым болбосун, каршылык кылып, бекем туруп бергиле!", - судьялар корпусуна кайрылды.

Садыр Жапаров мындан ары бийлик түзүмдөрүнөн судьяларга эч ким эч кандай көрсөтмө бербестигине кепилдик берди.

"Бирок талап дагы мындан ары күчтүү болот. Ар бир мыйзамсыз чечим үчүн керт башыңар менен жооп бересиңер деп ар бириңерге эскертем. Бүгүнтөн баштап сиздерди мыйзамдуу гана чечим сактай алат. Судьянын жана жалпы сот тутумунун кадыр-баркын баардыгыбыз биргелешип көтөрүп, аны баалап-сактайлы", - деп чакырык таштады Президент.

Садыр Жапаров судьялыкка тандалып жаткан талапкерлерге карата "укук тармагы жана сот өндүрүшү боюнча компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору болууга тийиш" деген принципти кармануу менен судьяларды тандоо тартибин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

"Негизинен сот адилеттигин жашоо тажрыйбасы чоң, моралдык принциптери жогору, кесипкөй адамдар жүзөгө ашырууга тийиш. Ошого байланыштуу жогорку соттук инстанцияга кынтыксыз аброю жана судьялык стажы бар адамдар дайындалса жакшы болор эле", - деди ал. Ошондой эле, сот тутумун квалификациясы жогору болгон жаңы кадрлар менен толуктоо максатында, тандоого биринчи ирет катышып жаткан талапкерлерди атайын адистештирилген даярдыктан өткөрүү зарыл экенин айтты.

Сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, судьялардын эмгек акыларын көтөрүү, социалдык кепилдиктерин камсыздоо, санариптештирүүнү киргизүү, ошондой эле башка алгылыктуу иштер болорун кошумчалады.

"Балким, коюлуп жаткан талаптар, бир караганда, амбициоздуу жана аткарылгыс болуп көрүнөт. Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн күчтөр жумшалып, олуттуу материалдык каражаттар сарпталашышы керек. Бирок эч нерсеге карабай, биз аталган маселелерди чечишибиз зарыл, себеби ошондон экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттин келечеги көз каранды", - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/878