Нарында жол чырактан өтүп бараткан адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу аныкталды
RU

Нарында жол чырактан өтүп бараткан адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Кочкор айылында жол чырактан өтүп бараткан жаранды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу каза болгон дешет Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Белгилүү болгондой, окуя 20-октябрда саат 20:25 чамасында С.Орозбаков менен Айтбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда жол чырактан өтүп бараткан 38 жаштагы К.Кны унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Кочкор районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен Ауди-100 унаасы аныкталып, 1994-жылы туулган А уулу Т. кармалды. Окуя болгон күнү айдоочунун жанында 2 жүргүнчү болгон, алар да кармалып тергөө кызматына жеткирилди.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/8982