Энелердин жана балдардын саламаттыгыбы же эркин соодабы?
RU

Энелердин жана балдардын саламаттыгыбы же эркин соодабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылы Кыргызстанда тубаса кемчилиги бар 7735 бала катталган. Ал эми балдардын мээ жана жүлүн илдети менен төрөлүү тобокелдигин көбөйткөн фолий кычкылынын жетишсиздиги төрөт курагындагы аялдардын 83 пайызында бар.

Өлкөдө аялдар менен балдар арасында аз кандуулуктун жана фолий кычкылынын жетишсиздигин азайтууга багытталган жалгыз ыкма бар – бул үчүн буудай унун витаминдер жана микроэлементтер менен байытуу зарыл. Бирок мыйзамдык база бар болгонуна карабастан ушул тапта калктын байытылган унга жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган эмес. ЕАЭБге киргенден кийин буудай унун байытуу талабы "эркин соодага тоскоолдук" болуп калган.

2021-жылы NIMAS жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасында төрөт курагындагы аялдардын 55.9% жана 5 жашка толо элек балдардын 47.0% организминде темирдин жетишсиздигинен жабыркашат. Кош бойлуу болбогон аялдардын 83.2 пайызында жана өспүрүм кыздардын 83.6 пайызында фолий кычкылынын жетишсиздиги аныкталган. 2010-жылы бул көрсөткүч 41 пайыз болчу. Кош бойлуу аялдарда микронутриенттердин жетишсиздиги жүлүн чуркусу, омуртканын ажырашы (бифидасы) жана мээнин жабыркашы өңдүү тубаса илдети бар балдарды төрөө тобокелдигин жогорулатат.

Аз кандуулуктун оор формасына чалдыккан кош бойлуу аялдар менен аз кандуулуктан жапа чекпеген аялдарды салыштырып көрөлү: аз кандуулугу бар аялдарда кош бойлуулук учурунда же төрөттөн көп өтпөй көз жумуу тобокелдиги эки эсе жогору. Мындан тышкары балдарда темирдин жетишсиздиги когнитивдик өнүгүүнүн өзгөрүшүнө алып келет, бул болсо баланын окуудагы жетишкендиктерин начарлатып, өз кезегинде анын келечектеги кирешесине таасирин тийгизиши ыктымал.

Аз кандуулуктун алдын алуу максатында 2009-жылы өлкөдө "Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Муну менен өлкөдө калкты витаминдер жана микроэлементтер бар байытылган ун менен камсыз кылуу үчүн мыйзамдык база түзүлгөн. Мыйзам жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү биринчи жана жогорку сорттогу буудай унун байытууга жана өлкөгө байытылган унду ташып келүүгө милдеттендирген. Унду байытуу боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн талдоо "Нан унун байытуу жөнүндө" КРнын Мыйзамында кемчиликтер бар экендигин аныктады. Мисалы мыйзамды ишке ашыруу үчүн конкреттүү мамлекеттик органдын жоопкерчилиги каралган эмес.

Кыргызстан Бажы биримдигине/ЕАЭБге кирип, өзүнө айрым бир милдеттенмелерди алган учурдан тарта мыйзамды ишке ашыруу татаал тапшырмага айланган. Кыргызстанда байытылган унду жүгүртүүнүн тагдырына байланышкан маселе регионалдык деңгээлде көтөрүлүп чыккан. Байытылбаган унду ташып келүүгө тыюу салуу талабы менен товарларды эркин ташуу жөнүндө ЕАЭБ келишиминин талаптары бири-бирине карама-каршы келет. Мындан улам Кыргызстан ББ 021/2011 техникалык регламентинин өлкөнүн аймагында байытылган ундун жүгүртүлүшүн аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул документтин долбоору ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин талкуусуна жиберилген, алар документти карап чыгып, бул сунуш боюнча позициясын айтат деп күтүлүүдө. Алдын ала берилген жоопторго караганда, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн айрымдары бул маселеде Кыргызстандын позициясын колдоп жатышат, ал эми башка өлкөлөр байытылбаган унду ташып келүүгө тыюу салуу эркин соодага тоскоолдук болот деп эсептейт.

Мындай шартта унду регионалдык деңгээлде байытуу талабынын укук ченемдүүлүгү жөнүндө маселе ачык бойдон калууда. Бирок кабыл алынган чечим биз үчүн жагымсыз болушу мүмкүн: барган сайын нерв системаларынын тубаса кемчиликтери менен төрөлгөн балдардын саны көбөйө берет. Муну менен адамдардын тагдыры талкаланууда, эмгекке жарамдуу адамдарды жоготуудан жана саламаттыкты сактоо системасына кеткен чыгымдардан улам өлкөгө экономикалык зыян келип жатат. КР мыйзамдары менен ЕАЭБ келишиминин талаптары бири-бирине карама-каршы келгенине карабастан, биздин өлкө улуттук кызыкчылыктар гана эске алынышы керек. Бул үчүн байытылбаган ундун Кыргызстандын элинин саламаттыгына тийгизген таасиринен ички рынокту коргоо маселесинде ЕАЭБ механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга тийиш. Бул маселеде эң жогорку деңгээлде – КР президентинен жана Жогорку Кеңешинен колдоо талап кылынат.

"Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу үчүн" коомдук фонду унду байытуу боюнча кырдаалга талдоо жасап чыккан. Бул талдоонун алкагында Кыргызстандын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдары менен ЕАЭБ мыйзамдарынын ортосундагы карама-каршылыктарга сереп жүргүзүлгөн. "Кыргыз Республикасында аялдардын ден соолугун жакшыртуу жана балдардын саламаттыгы менен өнүгүүсү үчүн унду байытуу" аттуу кыскача сереп менен уюмдун сайтынан шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/9089