Кыргыз-тажик чек арасын тактоо жана белгилөө боюнча жолугушуунун жыйынтыгы
RU

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо жана белгилөө боюнча жолугушуунун жыйынтыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтун жыйыны өттү. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу 1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткенде болгонун министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалым болгондой, тараптар жалпы узундугу 17,66 чакырым болгон мамлекеттик чек ара тилкесинин долбоордук сыпаттамасын түзүштү. Ошондой эле 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/9528