Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды
RU

Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына жасаган сапарынын алкагында 2 негизги документке кол коюлду. Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, документтер сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталат.

Биринчи макулдашууга ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги менен "AD Ports Group" компаниясы документке кол койду. Анын алкагында эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү, иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко - Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.

Экинчи макулдашууга ылайык, Maqta Gateway Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Maqta Gateway - Абу-Дабидеги соода жана логистикалык кызматтарды, анын ичинде деңиздеги, кургактык, абадагы, өнөр жай жана эркин зоналарды бириктирүү үчүн иштелип чыккан алдыңкы соода платформасынын, инновациялык бирдиктүү терезенин иштеп чыгуучусу жана башкаруучусу болуп саналат.

"Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет", - дейт Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/9614