Каттамдын графигин сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлдү
RU

Каттамдын графигин сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттордун ишин текшерүүгө алып, бир катар эреже бузууларды аныктады. Калаа башкармалыгынан транспорттордун пландалган чыгуусу, кыймыл аралыгы жана графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилгенин айтышат.

Рейдге Бишкек троллейбус башкармалыгына караштуу муниципалдык ишканалардын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын, жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жетекчилери, кызматкерлери жана 31 жеке жүк ташуучу мекеменин жетекчилери тартылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пландуу чыгуунун сакталбагандыгы, кыймылдын аралыгы аткарылбаганы аныкталып, күз-кыш мезгилине техникалык жактан даяр эместиги да тастыкталды.

Тартип бузган айдоочуларга башкармалык тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле жетекчилерге кыймылдуу составдын техникалык абалын жана айдоочулардын иш тартибин такай текшерип туруу тапшырылды.

Мындай текшерүүлөр суук мезгилде тез-тез жүргүзүлүп турарын кошумчалашты мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/9889