Бишкекте жолдун ортосунда мушташа кеткен айдоочулардын бири кармалды
RU

Бишкекте жолдун ортосунда мушташа кеткен айдоочулардын бири кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айдоочулар жолдун чок ортосунда мушташа кетишкен. Милиция бул окуянын катышуучулары аныкталганын маалымдады.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, Сүйөркулов көчөсүндө унаанын айдоочусу менен мотонун колдонуучусунун мушташкан видеосу каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө жол эрежесин бузгандардын бири 2000-жылы туулган жаран Н.В. тергөө кызматына жеткирилип, 126-берененин (Майда бейбаштык) негизинде административдик камакка алынды.

Милиция жарандарды жол эрежесин сактоого, чыр-чатак чыгарбоого, мыйзамсыз аракеттерге катышпоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16852