Министрлик: Өлкөдө эттин баасы турукташа баштады
RU

Министрлик: Өлкөдө эттин баасы турукташа баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө аймагында этке болгон баа турукташа баштады. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.

Акыркы күндөрү базар, соода түйүндөрүндө этке болгон баа жогорулай баштагандыгы байкалган.

"Буга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы өз учурунда ыкчам чараларды алып барып, анын жыйынтыгында учурда базарларда этке болгон дүң баалар турукташып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-сентябрда Кыргызстанда ири жана майда малды сыртка алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17361