Mayram Group ресторандар тармагынын айрым мекемелери кайра ачылды
RU

Mayram Group ресторандар тармагынын айрым мекемелери кайра ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Mayram Group ресторандар тармагынын айрым мекемелери кайрадан ачылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына өздүк булактар билдирди.

Учурда Social Coffee, Red Cow жана Sushi Room ресторандары иштеп баштады. Башка мекемелер боюнча азырынча маалымат жок. Белгилесек, Mayram Group ресторандар тармагына Бишкектеги 11 мекеме кирет.

Эске салсак, өткөн аптада Камчыбек Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу кирешесин легалдаштыруу фактысын иликтөөнүн алкагында Бишкектеги Mayram Group ресторандар тармагы жабылган.

УКМКнын тергөө кызматы мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновду эл аралык издөөгө алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шаардагы бир катар популярдуу кафе, ресторандарды жетектеген компанияга ээ. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшалганы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17370